Кумтөрдөгү коррупция: алтоо камалды, Кутманова боюнча тергөө иштери жүргүзүлөт

  • 10 месяцев мурун
Кумтөрдөгү коррупция: алтоо камалды, Кутманова боюнча тергөө иштери жүргүзүлөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул маселе боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда башка шектүүлөр боюнча иштер жүрүүдө жана жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

УКМКнын иликтөөсүнүн натыйжасында, “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого бөлүнгөн акчага каржылануучу 110 долбоордун 22си текшерилип, көбү өз максатына туура келбей турганы, кээ бирлери бюджеттик акчаны чыгарып кетүүгө шылтоо гана болгону аныкталды.

УКМК Кутманованын уулу министрликтин жана фонддун ишине кийлигишкенин, ал долбоорлорду каржылоо суммасынан 10% акчаны өзүнө алып турганын, бул үй-бүлөгө байланыштуу жалпысынан 62,5 миллион сомдук жемкорлук иликтенип жатканын маалымдады.

Кутманова атайын кызматтын дооматтарын четке кагууда. «Азаттыкка» берген билдирүүсүндө “Жалган сөздөр көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берип жатышат. Объективдүү карап териштирсе баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек»,- деп айткан экс-министр.

Айрым маалымат булактары Кутманованын уулуна издөө жарыяланганын кабарлашты.

Экс-министр бул боюнча кабары жок экенин, бирок өткөн айдын соңунда анын уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп 2 миллион доллар талап кылып, кийин кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылса бүгүнкү күнгө чейин жооп болбой жатканын айтты.

Ал эми уулу тууралуу айыптоолорду Кутманова курулай сөз деп атап “Менин балам коррупцияга аралашкан эмес” деп билдирди.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта алынган.

20-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өкмөттүн жыйынында коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жазасыз калбайт деп эскерткен. Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Кутманова Ташиевдин дооматтарын четке кагып, ал тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун УКМК жемкорлукка байланыштуу быйыл июнь айында кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты