Президент башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөттү

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Максат Асаналиевди башкы прокурорлукка көрсөттү.

Бул тууралуу алгач кечээ, 4-июнда, социалдык тармактарга жарыяланган. Андан кийин бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов ЖМКга тастыктады.  

“Ички документтин социалдык тармактарга кантип чыгып кеткендиги тууралуу фактыны тиешелүү кызматкерлер кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат” деп билдирди басма сөз катчы.

Максат Асаналиев 46 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылынын кулуну. Ош облусунун прокурору кызматында, башкы прокуратурада, прокуратура тармактарында иштеген.

Бүгүн, 5-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселеси каралды жана колдоого алынды.

3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалым болду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты