Петербургда борбор азиялык жаран теракт тууралуу комментарийи үчүн кармалды

  • 1 месяц мурун

Петербургда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү “Крокус Сити” борборундагы теракт тууралуу жаңылыктын алдына кол салууну жактаган комментарий жазган борбор азиялык мигрантты кармаганы маалым болду. Бул тууралуу 78.ru агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, полиция өкүлдөрү анын тек-жайын ыкчам аныктап, кармашкан.

Учурда ага “Террорчулукту ачык актоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоо каралып жатканы белгилүү болду. Бул берене боюнча айыпталгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кармалган адам кечирим сурап, экинчи кайталабасын айткан видео 78.ru агенттигине жарыяланды.

25-мартта Петербургдун Пулково аэропортунда Ереванга учуп кетердин алдында Николай Конашенок атуу жаран кармалган. Ал Фейсбуктагы постторунун биринде “Эмнеге Кремль эмес, “Крокус”? Чаташтырып алдыңарбы?”- деп жазган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Конашенок кечирим сурап, террорчулукту колдобостугун айтып жаткан видеону жайылтты.

Акыркы маалыматка ылайык, 22-марттын кечиндеги кандуу калабада каза болгон 139 кишинин 70ке жакынынын тек-жайы такталды.

Урандыларды тазалоо, жоголгондорду издөө иштери уланып жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы кандуу окуяга шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган.

Сүрөт:TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты