“Крокус Ситиде” теракттан кийин изделип жаткан кыргызстандык кыздар каза тапкандар тизмесине киргизилди

  • 1 месяц мурун

Москвадагы “Крокус Сити Холл” борборундагы теракттан кийин изделип жаткан кыргызстандык эки кыз — 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы каза тапкандардын болжолдуу тизмесине киргизилди.  

Алардын аты-жөнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-марттын кечинде каза тапкандар тууралуу тизмесинде болгон.

Маалыматтарга караганда, Эдита Жусупова «Крокус холлдун» ашканасында иштегенине бир жыл болгон, Майиза Гүлжигит кызы «Крокус Сити Холлдо» иштегенине жарым жыл болгонун жакындары айтып бергенин “Азаттык” жазды.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Крокус Ситиде” теракт учурунда иштеп жаткан кыргызстандык эки кызды издөө иштерин улантып жатканын билдирген.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады.

Москва шаарынын Басман райондук соту “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Камакка алынган Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун террорчулукка айыпталып жатат.

25-мартта Москванын Басман райондук соту «Крокус Сити Холлдогу» террордук чабуулга байланыштуу дагы үч кишини камакка алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады .Маалыматка ылайык, соттун чечими менен Тажикстандын 62 жаштагы жараны Исроил Исломов жана анын уулдары – 33 жаштагы Аминчон менен 24 жаштагы Диловар эки айдан камакка алынышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты