Пекинде кышкы Олимпиада башталат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-февралда, Пекин шаарында кышкы олимпиада оюндары ачылат. Олимпиада 20-февралга чейин өтөт.

Кыргызстандан кышкы Олимпиада оюндарына лыжачы Максим Гордеев катышат.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегени. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу — Игорь Борисов.

УОКтун маалыматына караганда, Максим Гордеев жана Игорь Борисовдон сырткары, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын делегация курамына миссиянын башчысы, УОК кызматкери Чолпон Жумагазиева кирет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чакыруусу боюнча КР УОКтун президенти Садыр Маматов жана аталган комитеттин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев барды.  

Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда оюнга чыгаары маалымдалды.

Президент Садыр Жапаров да Кытайга жумушчу сапар менен жөнөп кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты