Кыргызстан командасынын Пекин олимпиадасына кие турган расмий кийими

Улуттук Олимпиада комитети (УОК)  Пекинде боло турган кышкы Олимпиада оюндарына кийиле турган расмий сый кийимди көрсөттү. Расмий форма 29-январда келген.

Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев катышат.

Улуттук олимпиада комитетинин айтымында, италиялык Vist компаниясына олимпиадалык сый кийимге буюртма берилип, 2021-жылдын 30-декабрында акчасы төлөнгөн.

2022-жылдын 17-январында УОК Олимпиада катышуучусу Максим Гордеевге профессионалдык лыжа сатып бергендиги да белгиленди.    

Расмий форма бүгүн, 29-январда, келген жана коомчулукка көрсөтүлдү.

УОКтун айтымында, алгач көрсөтүлгөн кийим кышкы Олимпиадага кие турган  жумушчу кийим. Ал машыгуу учурларында кийилет. Жумушчу кийимди Кытайдын Tectop фирмасы акысыз берген.

Кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган лыжачы Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегени. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу — Игорь Борисов.

УОКтун маалыматына караганда, Максим Гордеев жана Игорь Борисовдон сырткары, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын делегация курамына миссиянын башчысы, УОК кызматкери Чолпон Жумагазиева кирет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чакыруусу боюнча КР УОКтун президенти Садыр Маматов жана аталган комитеттин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев барат.  

Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда оюнга чыгаары маалымдалды.

Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарына Президент Садыр Жапаров да барары маалым болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты