Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Кытайга учуп кетти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланат.

Президентти тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев; Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев коштоп кетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты