Парламенттик шайлоо: Бишкек шаарынын мэри №1220 участогунда добуш берди

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордун №1220 участогунда добуш берди. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Бишкекте 296 шайлоо участогу иштеп жатат. Анын ичинен 233 участок шаарга карайт, 63 участок Чүй облусуна караштуу.

Ошондой эле 11 участоктон аралыктан добуш берүү каралган,  Ош базарында,  «Asia Mall» – 1 участок, “Манас” эл аралык аэропорту – 2, “Дордой” базары – 2, “Аламүдүн” базарында бир, “Дордой Плаза» комплекси, “Бишкек парк”, Улуттук госпиталь «Орто-Сай» базарында бирден участок ачылган.

БШКнын маалыматы боюнча республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана  чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштеп жатат.

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.

Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.

Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана  кечки саат 20:00дө токтойт. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты