Чет өлкөлөрдө да кыргызстандыктар добуш беришүүдө
- 7 месяцев мурун
Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда түзүлгөн 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүүдө.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө добуш берген жарандарынын саны 620 адамды түздү. Добуш берүү процесси штаттык тартипте өтүп жатат.
Башка чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда да добуш берүү жүрүүдө.
Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.
Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат.
БШКнын маалыматы боюнча республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштей баштады.
Айырмасы 1 саат болгон мамлекеттерде дагы добуш берүү активдүү жүрүүдө. Айрым өлкөлөрдө участоктор Бишкек убактысынан 3–4, 5–6 саат кеч ачылат, ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө — 11, 12 жана 14 саатка чейин кеч ачылат.
БШКнын төрагасынын маалыматына караганда, шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилди.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 гө чейин иштейт.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




