“Алар — элдин адамдары, ал эми биз мамлекеттин, элдин душманы сыяктуу болуп калабыз”. Президент депутаттарга кайрылды
- 1 неделя мурун
Президент Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, парламентте маселе көтөрөрдө талдап-тактап алып сүйлөөгө чакырды.
Бул тууралуу президент транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (“Унаа”) жолугушууга барганда билдирди.
-Мен жаңы чакырылыштын депутаттары ант берген күнү барып сурандым эле, 100-200 киши чыгып эле кыйкырып калса эле, чуркап келип микрофон ээлеп, эптеп ошол теманы айтып, элге жакшы көрүнүп калыш керекпи. Ал маселе туурабы же туура эмеспи мамлекет үчүн пайдалуубу же зыянбы, ага карабайт. Ал элдин адамы, ал эми биз мамлекеттин, элдин душманы сыяктуу болуп калабыз да. Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетет элем, бир маселени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекетке пайдасы кандай, элге пайдасы кандай ошолорду карап чыгуу керек. Эгер мамлекет туура эмес жасап жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен да эки жолу депутат болгом. Эч качан популист болуп микрофонго чыгып алып кыйкырчу эмесмин. Депутаттардын укугу бар, келгиле деп ызылдап жаткан элди бир залга топтоп алып, өкмөт тарапты да чакырып алып, дискуссия кылып, андан кийин гана микрофонго барып айтса жарашат да” деп билдирди өлкө башчы.
Жогорку Кеңештин депутаттары айдоочулук күбөлүк, жеке автомектептердин жабылышы, азык-түлүк бааларынын кымбатташы, абанын булганышы ж.б. боюнча жыйындарда маселе көтөрүп, аткаруу бийлигин сынга алышууда. Ушул бейшемби күнү парламентте бул маселелер боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү пландап жатышат.
Сүрөт: kenesh.kg




