Пакистан Кыргызстандан дагы 540 студентин алып кетет

  • 2 месяца мурун

Пакистан Кыргызстанда окуп жаткан дагы 540 студентин Мекенине алып кетип жатканын 19-майда Лахор шаарында өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар билдирди.

Dawn басылмасынын маалыматына караганда, министр атайын коммерциялык үч каттам уюштурулганын айтты:

«Кечээ коммерциялык рейс менен 130дай студент Пакистанга кайтып келди. Ошентип, бүгүн үч коммерциялык, атайын каттам уюштурулду. Натыйжада 540 студент кайтып келе алат, жалпысынан бул сан 670 киши болот».

Мохаммад Исхак Дар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Бишкекте Пакистандын жарандарына байланыштуу болгон окуяны талкуулаганын 19-майда Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси билдирген.

17-майда социалдык түйүндөрдө «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгонун, чет элдиктер жашаган жатаканага кирип барып күч колдонгон төрт жергиликтүү тургун аныкталганын, алардын экөө жана чет өлкөлүк төрт жаран да кармалганын маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү 18-майга караган түнү Бишкекте болгон башаламандыкта жалпысынан 29 киши жабыркаганын, алардын 15и ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.

Соңку расмий маалыматка караганда, жараат алган чет элдик жарандардын үчөө ооруканада, алардын абалы туруктуу.

Былтыркы жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда – бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35%. Чет элдик студенттердин 61% ыиндиялыктар, 32%ы пакистандыктар.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты