Садыр Жапаров Асиф Али Зардари менен сүйлөштү
- 4 дня мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин сайты маалымат жарыялады.
Президент Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш катары карай турганын ырастады.
“Бүгүнкү жолугушуубуз кызматташтыгыбызга жаңы мазмун берип, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды сапаттуу деңгээлге чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем” деди Жапаров.
Өз кезегинде Асиф Али Зардари соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
“Географиялык жакындык жана континенттеги жалпы тарыхый мурас эки элди тарыхый жактан жакындатып келген. Бүгүнкү күндө өнөктөштүгүбүздү мындан ары чыңдоого жана тереңдетүүгө эч кандай тоскоолдук жок” деди Пакистандын президенти.
Бул ниеттерди иш жүзүндө бекемдөө максатында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен бекемдешти.
Аталган документ стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өзөк болуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги багыттарын аныктады.
Сүрөт: president.kg




