Садыр Жапаров менен Пакистан президенти Асиф Али Зардари жолугушту
- 4 дня мурун
Бүгүн, 7-июлда, Чолпон-Атада президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалыматжарыяланды.
Анда айтылгандай, “Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, 40 этно-жоокер катышты.
Өз ара саламдашуудан кийин лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарын кыдырып чыгышты.
Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүштү.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




