Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 6–9-июлда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. 

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат. 

Сүрөт: Асиф Али Зардари.  UN Photo/J Carrier

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты