Пакистан бийлиги Индиянын соккусунан 7 киши каза тапканын билдирди

  • 10 месяцев мурун

Индиянын соккусунан Пакистанда 7 киши каза тапканын BBC News билдирди.  Бул тууралуу Пакистандын коомчулук менен байланышуу боюнча ведомстволор аралык кызматынын башчысы генерал-лейтенант Ахмад Шариф кабарлаган.  

Анын айтуусу боюнча, каза тапкандардын арасында эки бала бар.  Ахмад Шариф BBC News билдиргендей, Индия бир нече объекттерге, анын ичинде мечитке сокку урган. Бул эл аралык укукту бузуу болуп салынарын эске салган.

Индия 7-майга караган түнү Пакистанга чабуул койду. Пакистандын беш элдүү пункту чабуулга кабылды. Пакистан жооп катары Индияга сокку уруп, эки истребителди атып түшүрдү.

Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир үчүн көп жылдан бери жаңжал болууда. Ал Кашмир жана Жаммунун Индия тарабындагы Пахалгам шаарында туристтерге кол салуудан кийин күчөгөн. Анда 26 адам каза тапкан.  

Индия 9 жайды бутага алганын жарыялады.

«Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок» деп белгиледи расмий Дели.

Сүрөт: Getty images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты