Пакистан аба каттамдарын 48 саатка жапты

  • 1 год мурун

Пакистандын бийлиги Индиянын соккусунан кийин аба каттамдарын 48 саатка жапты. Бул тууралуу Samaa TV авиациядагы булактарына таянып билдирди.

Жергиликтүү жана эл аралык аэропорттордо, анын ичинде Карачи, Лахор, Фейсалабад, Сиалкотто каттамдар алынып салынды. Исламабаддагы эл аралык аэропорт да учуулардын бардыгын токтотту. Каттамдар Карачи аэропортуна жөнөтүлүүдө.   

Pakistan International Airlines бардык каттамдарын 12 саатка жылдырганын билдирди.

«Интерфакс» маалымдагандай, Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы авиаташуучулардын иши коопсуздук абалы жөнгө салынгандан кийин калыбына келет.

Ал эми Flightradar24 Пакистан менен Индияга учкан учактар багытын өзгөрткөнүн көрсөтүүдө.

Индия 7-майга караган түнү Пакистанга чабуул койду. Пакистандын беш элдүү пункту чабуулга кабылды. Кеминде үч адам каза тапты. Пакистан жооп катары Индияга сокку уруп, эки истребителди атып түшүрдү.  

Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир үчүн көп жылдан бери жаңжал болууда. Ал Кашмир жана Жаммунун Индия тарабындагы Пахалгам шаарында туристтерге кол салуудан кийин күчөгөн. Анда 26 адам каза тапкан.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты