Үпөл Керексизова кызынын “Аалам ордо” рейдерлик басып алууга кабылды деп айтканын четке какты  

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Аалам Ордо” комплексинин негиздөөчүсү Ташкул Керексизовдун жубайы Үпөл Керексизова этнокомплекс жайгашкан жерлерди рейдерлик басып алуу боюнча кичүү кызы Мээрим Керексизованын айткандарын жокко чыгарып, кечирим сурады.

Үпөл Керексизова социалдык тармактарга тараган видеосунда  этнокомплекс  рейдерлик басып алууга туш болбогонун, каралбай калгандыктан өкмөткө өткөрүп беришкенин билдирди.

“Биздин “Аалам ордо” этно комплекс 3-4 жылдан бери каралбай калды, ошондуктан өкмөткө өткөрүп бердик. Өкмөт тарабынан кысым болгон жок. Жапониялык «Си Ай Групп» компаниясы менен келишим түздүк, ошол жерди сактап калуу үчүн, кыргыз элинин мурасын сактап калуу үчүн ушул кадамга бардык. Бирок кичүү кызым каршы чыгып жатат, начар кишилердин жетегинде болуп. Ошол үчүн мен сиздерден кечирим сурайм» деди Үпөл Керексизова.

“Аалам Ордо” комплексинин тегерегине “Си Ай Групп” компаниясы тарабынан курулуш курула баштагандыгына тынчсыздануусун билдирип, аны рейдерлик басып алуу деп эсептеп, негиздөөчүнүн кызы Мээрим Керексизова президент Садыр Жапаровго кайрылган.

“Ысык-Көлдү түштүк жээгиндеги атамдын акыркы долбоору болгон “Аалам ордо” комплекси каада-салт менен келечек турмуштун көпүрөсү болмок. “Аалам ордону” ал кездеги өкмөттүн колдоосу жок эле атам жалгыз кура баштаган. Айрым учурларда алардын айткандарына да караган эмес. Ошондуктан андагы курулуш иштери токтотулуп калган. Ал эми бүгүнү күнү атамдын эбегейсиз эмгеги ”Си Ай Групп” компаниясы тарабынан кулаганы турат, анткени ал компания аталган жерде курулуш иштерин баштоодо. Мен, биздин мекеменин директору жана уюштуруучулардын бири катары алардын курулушуна макулдук берген эмесмин. Алардын бул аракетин рейдерлик басып алуу деп эсептейм. Ал эми “Си Ай Групп” менен келишим Мощин Александр Сергеевич аттуу юристтин аракети менен, менин уруксатымсыз,  уюштуруучулардын кээ биринин колдору, мөөрү менен бекитилген. Мощин Александр Сергеевич аттуу юрист биздин үй-бүлөнүн ишенимине башка бир таасирдүү адамдын атын айтып кирип алган. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, ушул ишти териштирүүгө алышыңызды өтүнөм,- деп жазды Ташкул Керексизовдун кызы Мээрим Керексизова.

Белгилүү меценат жана ишкер, «Рух Ордо» жана «Аалам ордо» маданий борборлорунун негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 2021-жылы 73 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал эл аралык көркөм академиянын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде «Рух Ордо» комплексинен тышкары «Аалам Ордо» маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.

Сүрөттө: «Аалам ордо» комплекси. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты