Керексизовдун кызы “Аалам Ордонун” тегерегиндеги курулушту рейдерлик басып алуу деп эсептеп, президентке кайрылды
- 1 год мурун
Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Ташкул Кересизов негиздеген “Аалам Ордо” комплексинин тегерегине “Си Ай Групп” компаниясы тарабынан курулуш курула баштагандыгына тынчсыздануусун билдирип, аны рейдерлик басып алуу деп эсептеп, негиздөөчүнүн кызы Мээрим Керексизова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
“Ысык-Көлдү түштүк жээгиндеги атамдын акыркы долбоору болгон “Аалам ордо” комплекси каада-салт менен келечек турмуштун көпүрөсү болмок. “Аалам ордону” ал кездеги өкмөттүн колдоосу жок эле атам жалгыз кура баштаган. Айрым учурларда алардын айткандарына да караган эмес. Ошондуктан андагы курулуш иштери токтотулуп калган. Ал эми бүгүнү күнү атамдын эбегейсиз эмгеги ”Си Ай Групп” компаниясы тарабынан кулаганы турат, анткени ал компания аталган жерде курулуш иштерин баштоодо. Мен, биздин мекеменин директору жана уюштуруучулардын бири катары алардын курулушуна макулдук берген эмесмин. Алардын бул аракетин рейдерлик басып алуу деп эсептейм. Ал эми “Си Ай Групп” менен келишим Мощин Александр Сергеевич аттуу юристтин аракети менен, менин уруксатымсыз, уюштуруучулардын кээ биринин колдору, мөөрү менен бекитилген. Мощин Александр Сергеевич аттуу юрист биздин үй-бүлөнүн ишенимине башка бир таасирдүү адамдын атын айтып кирип алган. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, ушул ишти териштирүүгө алышыңызды өтүнөм,- деп жазды Ташкул Керексизовдун кызы Мээрим Керексизова.
Белгилүү меценат жана ишкер, «Рух Ордо» жана «Аалам ордо» маданий борборлорунун негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 2021-жылы 73 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал эл аралык көркөм академиянын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде «Рух Ордо» комплексинен тышкары «Аалам Ордо» маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.
Сүрөттө: «Аалам ордо» комплекси. Интернет булактарынан




