Манас шаарында сел каптаган турак жайлар тазаланды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 1-майда, Манас шаарында сел каптаган турак жайлар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

30-апрелде түнкү саат 22:00дөр чамасында жааган нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички сел каналдарына батпай калып, Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун, 4 социалдык объектини суу каптаган.

Манас шаардык жарандык коргонуу кызматтары тарабынан сел кырсыгынын деңгээлин жана келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Сел сууларынан тазалоо иштеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 114 куткаруучу, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынан 334 кызматкер жана 24 техника тартылган.

Белгиленген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, иштер улантылууда.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты