Ош шаарында бир күндө экинчи мончодон өрт чыкты   

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-июнда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан дагы бир мончодон өрт чыкканын кабарлады.

Маалыматта өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылганы жана жабыркагандар жок экендиги айтылды.

Министрликтин маалыматы боюнча 5-июнь күнү Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан “Байкөл” мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкты, анын кесепетинен 7 адам жабыркады.

Тилсиз жоодон жабыргандар «Тез жардам» кызматы менен аймактык ооруканага жеткирилди.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты