Ошто мончодон өрт чыгып, жети киши жабыркады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-июнда, Ош шаарындагы мончолордун биринен өрт чыгып, анын кесепетинен 7 адам жабыркады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Министрликтин баштапкы маалыматы боюнча, Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан “Байкөл” мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыккан. Тилсиз жоодон жабыргандар «Тез жардам» кызматы менен аймактык ооруканага жеткирилди.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты