Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолу толук ачылды
- 2 года мурун
- Видео
Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолу толук ачылды. Жол эки тараптан тең берилди. Бүгүн, 20-февралдан баштап жолду кеңейтүү иштери аткарылат.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолу
кар күрткүсүнөн тазаланып жаткандыгын билдирген. Ош облусунун Алай районунда 18-февралда саат 06:00 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 179-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылып, кайра бир тараптуу ачылган.
Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!