Ош-Сары-Таш Эркечтам жолу: Кар күрткүсү тазаланууда
- 3 months мурун
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна түшкөн кар күрткүсү тазаланып жатат.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Алай районунда 18-февралда саат 06:00 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 179-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылып, кайра бир тараптуу ачылган.
Ошондой эле 142-239 чакырым аралыктарында кар күрктүсү пайда болгон.
Бүгүн, 19-февралда, тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында 4 жүктөгүч, 2 грейдер, унимог, бульдозер, 1 манипулятор техника жана 8 кызматкер тартылгандыгы маалымдалды.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү