Бишкекте эл аралык UMUT DOC документалдык кинофестивалы ачылды

10-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында II эл аралык UMUT DOC документалдык кино фестивалынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Быйыл фестиваль белгилүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин элесине арналды.

Ачылыш аземинин алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган «Нарын күндөлүгү» жана режиссёр Талип Ибрагимовдун «Альгимантас Видукыргыз — исповедь жены кинорежиссера» аттуу документалдык тасмалары көрсөтүлдү.

Фестиваль 10–14-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, анын программасына толук жана кыска метраждуу документалдык тасмалардын сынактык көрсөтүүлөрү, ретроспективалар, авторлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, кесиптик талкуулар жана кино долбоорлордун презентациялары киргизилди.

Сынактык программага Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвиядан тартылган тасмалар катышууда.

Фестивалдын негизги аянтчалары — «Ала-Тоо» кинотеатры жана Ololo Erkindik. Иш-чаранын бардык көрсөтүүлөрүнө жана программаларына кирүү акысыз.

Фестивалдын негизги максаттарынын бири — Борбор Азиядагы документалдык кинону эл аралык деңгээлде таанытуу, чыгармачыл байланыштарды кеңейтүү жана аймактагы кинорежиссёрлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен уюштурулууда.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты