Ошто Бегиш Ааматовдун ысымы көчөгө жана Чубак ажы Жалиловдун ысымы чоң жолго ыйгарылды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Ош шаардын кеңешинин депутаттары Бегиш Ааматовдун ысымын көчөгө, ал эми Чубак ажы Жалилловдун ысымын чоң жолго ыйгаруу демилгесин колдоду.
29-сентябрда Ош шаарындагы Аношина көчөсүнө белгилүү коомдук ишмер, эгемендүү Кыргызстанга чоң салым кошкон Бегиш Аматовдун атын ыйгарууну, ал эми шаардын ири жолдорубуздун бирине Кыргыз эл баатыры, белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүүнү Ош мэри Жанар Акаев сунуштап, аны шаардык кеңештин депутаттары колдоду.
Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Бегиш Ааматов — 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган XII чакырылыштын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон. Бегиш Ааматов 2024-жылдын 26-сентябрда 75 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Чубак ажы Жалилов — 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында бөлүм жетекчиси, ошол эле жылдары Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген. Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалаган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Баш сүрөттө: Бегиш Ааматов
Сүрөттө: Чубак Жалилов. Интернет булактарынан




