“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды

Бүгүн, 24-августта, “Ак-Кеме” мейманканасы реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын расмий сайтында маалымдалды.

Ачылыш аземге катышкан президент Садыр Жапаров  “Ак-Кеме” мейманканасында чет өлкөлөрдөн келген коноктор тосулуп, эл аралык жолугушуулар, иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.

2023-жылы “Ак-Кеме” мейманканасы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилген. Андан кийин инвестициялык механизмдерди колдонуп, объектини толугу менен жаңылоо боюнча иштер башталды.

Садыр Жапаров бул имараттын тарыхына да токтолду. Ал Аскар Акаев президент болуп турганда Түркиядан келген ишкерлер тарабынан курулган. Кийинчерээк ишкерден имаратты алып коюшкан. Анда сот Кыргызстан 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө же имаратты кайтарып берүүгө милдеттүү деген чечим чыгарган.

“2020-жылга чейин 30 миллионго чейин өскөн. Анткени “Силер эгерде убагында соттун чечимин аткарбадыңар” деп, ар бир күнүнө 15 миң доллардан үстөк пайызын өстүрүү чечими кабыл алынган. 2021-жылы түрк ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Тынчтык келишими менен бүтүрөлү” деп туруп, болгону 6,5 миллионго чейин түшүрүп: “6,5 миллионду төлөп берели, ошону менен анда мировой келишим түзөлү, силер соттогу дооматыңарды кайра алгыла”, — деп сунуштадык. 2023-жылы, 2 жыл бою сүйлөштүрүп отуруп, ийге келтирип, анан кийин бул имараттын башын бошотуп, соттон алар дооматын алышкан.

Болбосо алар биздин чет өлкөдөгү имараттарды, Улуттук банктын Швейцарияда жаткан алтынына чейин “камакка алдыралы”, болбосо “чет өлкөдөгү мүлктөрүн алалы” деп калган мезгил экен. Анан биздин колго тийгенден кийин, толук башы ачылгандан кийин, инвесторго биз 15 жылга ижарага бердик. “Мына салгын, 3 жылдыздуу отель эле, 5 жылдыздуу кылып салгын дагы, 15 жыл колдонгун, анан 15 жылдан кийин 100% мамлекетке өткөрүп бергиле”, — деп келишип атып, анан өткөрүп бергенбиз”, — деди президент жана бүгүнтөн баштап инвестор мамлекетке ай сайын 60 миң доллар ижара акы төлөй турганын кошумчалады.

Өлкө экономикасы күчтүү инвестициялык импульс алып жатканы өзгөчө белгиленди. 2025-жылы Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын агымы 1 млрд 311 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 27%га өстү.

Ал ошондой эле Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинде үстүбүздөгү жылга карата жалпы көлөмү 456 млрд сомдон ашуун 90дон ашык инвестициялык долбоор бар экенин кошумчалады. Алардын 71и иш жүзүнө ашырылууда, калганында даярдык иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук, транспорттук инфратүзүм, жана экологиялык маселелерге багытталган.

Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы 273 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлдү.

“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды
“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды
“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды
“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды
“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды
“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды
“Ак кеме” мейманканасы жаңылануудан кийин ачылды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты