ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Бишкекте жол кыймылы убактылуу чектелет

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу, 30-августтан баштап Бишкектин айрым жолдорунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Шаардын жол тармагынын төмөнкү бөлүктөрүндө убактылуу чектөөлөр:

— Манас эл аралык аэропортунан Чүй проспектине чейин Манас көчөсү (мурдагы Васильев тракты көчөсү);

— Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Чыңгыз Айтматов проспектине чейин (мурдагы Манас проспектиси);

— Чыңгыз Айтматов проспекти  Чүй проспектинен Семетей көчөсүнө чейин;

— Жибек- Жолу проспекти  Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө (мурдагы Байтик Баатыр көчөсү) чейин;

— Жусуп Абдрахманов көчөсү (мурдагы Байтик Баатыр көчөсү) Жибек-Жолу проспектинен Семетей көчөсүнө чейин;

— Аалы Токомбаев проспекси Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн (мурдагы Байтик Баатыр көчөсү) Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, иш-чаралар учурунда «Бишкек Арена» стадионуна жакын жайгашкан жолдордун айрым бөлүктөрүндө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августун ачылат.

Бишкек мэриясы тургундардан жана коноктордон көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана каттамдарын  алдын ала пландаштырууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты