Орусиялык инвесторлорду 14 млн долларга алдаган деген шек менен «Айсео» компаниясынын ээлери кармалды

  • 4 месяца мурун

Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Мыйзамдагы ууру» аталган, маркум Камчы Көлбаевдин атына жамынып, орусиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жеке жактар боюнча тиешелүү маалыматтар алынгандыгын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. “Айсео” ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери, КР жарандары О.Б.А. жана А.К.Т.) менен өнөктөштүк келишиминин алкагында 14,0 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курууга жумшаган.

Бирок Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин Р.Д.А. , О.Б.А. жана А.К.Т. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу байланышын пайдаланып, күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акчасын ээлеп алып, аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Учурда “Айсео” ЖЧК ээлери -О.Б.А., А.К.Т. жана башкы бухгалтер А.Н,К. кармалды жана УКМКнын убактылуу камак жайына камалды.  

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

         

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты