Орусиядан үч айдын ичинде 22 миңге жакын чет өлкөлүк чыгарылды

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын алгачкы үч айында Орусиядан 22 миңдей чет өлкөлүк чыгарылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп экенин «Верстка» басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Мындан тышкары 6,8 миңдей киши мигранттар үчүн ачылган атайын жайларда кармалып турат жана алар да мекенине жөнөтүлөт деп күтүлүүдө. Бул сан да былтыркыга караганда эки эсеге көп.

Билдирүүдө ошондой эле Орусияга кирүүгө тыюу салган чечимдер да көбөйгөнү маалымдалды. Былтыр алгачкы үч айда 55 миң чет элдик Орусияга кире албаган болсо, быйыл төрт айда бул көрсөткүч 79 миң кишини түздү. Орусияда убактылуу жашоого уруксат берүү 40,9%, жашап туруу укугун берүү 20,1% азайды.

Күч органдары «мыйзамсыз миграция» уюштурган деген шек менен аныктаган чет элдиктер 2,5 эсе көбөйдү.

22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында «Крокус Сити» борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты