Орусияда «вагнерчилердин» козголоңунда учкучтар мерт болгону тастыкталды

  • 1 год мурун

Орусия  23-24-июндагы “Вагнердин” козголоңу учурунда учкучтардын каза тапканын мойнуна алды. Каза болгондордун так саны азырынча белгисиз.

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери козголоң учурунда бир учакты жана бир нече тик учакты атып түшүргөнү тууралуу маалыматтар 24-июнда эле пайда болгон. ЖМКлар жана телеграм каналдары бир учак жана алты тик учак кыйраганын жазышкан. Расмий түрдө алардын саны дагы деле тактала элек.

Учкучтардын каза тапканыг  26-июндагы телекайрылуусунда орус президенти Владимир Путин мойнуна алган.

Шаршембиде Иваново облусунун губернатору Станислав Воскресенский аймакта жайгашкан Ил-22 учагы Воронежге жакын жерде кыйраганын билдирген. Ал каза болгондордун санын тактаган жок, бирок алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Буга чейин «ВЧК-ОГПУ» Телеграм каналы каза болгон 10 учкучтун аты-жөнүн жарыялаган.

24-июнга караган түнү «вагнерчилер» Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин «кан төгүүнүн алдын алуу үчүн» артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган. Белустун лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде «куралдуу көтөрүлүштү» токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Сүрөттө: Ка-52 тик учактары. TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты