Орусия: Пригожин артка кайтканын билдирди

  • 11 месяцев мурун

“Биз колонналарды артка буруп, план боюнча, талаа лагерлерине кайттык” деп билдирди “Вагнер” жеке аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.

Пригожин бул билдирүүнү Александр Лукашенко менен сүйлөшүүдөн кийин жалданма аскерлерди токтотуу чечими кабыл алгандыгын Беларусь президентинин басма сөз кызматы билдирген.

Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.

“Вагнер” жеке аскердик компанияны жабуу чечими кабыл алынган. Биз 23-июнда “адилеттик жүрүшүнө чыктык. Биз бир суткада Москвага жетели деп эле калганбыз, 200 чакырым гана жеткен жокпуз. Биз бул учурда жоокерлерибиздин бир тамчы канын да төккөн жокпуз. Кан төгүлө турган учур келип калган, ошондуктан биз бардык жоопкерчиликти сезип, жүрүштү токтотуп, колонндарды кайра артка, талаа лагерлерине алып кетебиз” деп билдирди Евгений Пригожин 24-июнда кечинде.

“Вагнер” жеке аскер компаниясы 24-июнга караганда Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алган, андан кийин Москвага карай жүрүшкө чыккан. Евгений Пригожин коргоо министри Сергей Шойгуну жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду жалданма аскерлердин колуна салып берүүнү талап кылып, аларды кылмышка айыптаган.  

“Вагнердин” жалданма аскерлери, жаңжал учурунда, аналитиктердин эсептөөлөрү боюнча, кеминде үч вертолетту жана бир самолетту жок кылышкан.  

Орусия ФСБсы Пригожинге аскер козголоңу тууралуу кылмыш ишин ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин жана башка расмий адамдар ал окуяны чыккынчылык деп атаган.  

Орусиянын президенти Владимир Путин акыркы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

“Элибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү да ар кандай коркунучтардан коргойбуз. Анын ичинде – ички чыккынчылыктан. Ал эми биз туш болгон нерсе – бул чыккынчылык. Ашыкча амбициялар жана жеке кызыкчылыктар чыккынчылыкка алып келди» деда ал.

Ал “Вагнердин” аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирди.

“Вагнер” жеке аскердик тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусуна жооп берди.

“Президент мекенге болгон чыккынчылык тууралуу айтканында жаңылды. Биз өлкөбүздүн патриотубуз. Ал эми президенттин, Федералдык коопсуздук комитетинин (ФСБ)  же башка бирөөнүн талабы менен эч ким баш ийбейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары дагы коррупция, алдамчылык, бюрократия менен жашашын каалабайбыз” деди Пригожин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты