Орусия президенти дагы бир кайрылуу жасады

  • 10 месяцев мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик козголоң аракетине байланыштуу элге 26-июнда дагы бир кайрылуу жасады.  

“Белгилиеп кетейин, окуянын эң башында эле токтоосуз  коркунучтан арылуунун, конституциялык түзүлүштү, биздин жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун калуунун тиешелүү чечимдери кабыл алынган.

Куралдуу козголоң кандай болбосун, басылып коюлат болчу. Козголоң уюштургандар, дендароо болуп турса да муну билбей койбойт эле.    

Алар кылмыштуу иш-аракеттерге, өлкөнү бөлүп-жарууга, алсыратууга барып жатканын түшүнүп турушкан, азыр өлкөгө сырттан эбегейсиз коркунуч, басым болуп жатат,-деди Владими Путин.

“Бирок козголоң уюштуруучулар өз өлкөсүн, өз элин, ошондой эле козголоңго тартылгандарды да сатып кетишти”.

Путин «Вагнердин» козголоңу учурунда аскер учкучтары набыт болгонун айтты.

“Биздин учкучтардын тайманбастыгы Орусияны сактап калды» деди Путин. Учкучтардын козголоң маалында каза болгону тууралуу буга чейин расмий ырастала элек болчу.

Путин ошондой эле «жалгыз туура чечим чыгарып», «акыркы чекке жеткенде токтоп калган» «вагнерчи» жоочуларга ыраазычылык билдирди.

Ал жоочуларга орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштады.

«Ким кааласа Беларуска кете берсе болот. Менин берген убадам аткарылат. Кайталайм, тандоо ар бириңдин өзүңдө. Бирок бул тандоо өзүнүн трагедиялык катасын мойнуна алган аскердин тандоосу болот деп үмүттөнөм» деди Путин.

Путин 24-июндагы окуянын башынан эле кан төгүүнүн алдын алуу аракеттери өзүнүн буйругу менен ишке ашканын билдирди.

Козголоңдун токтошуна — орусиялыктардын атуулдук маанайы, жалпы өлкө коомчулугунун биримдиги негизги ролду ойногонун айтып, Беларустун президенти Александр Лукашенкого «кырдаалды тынч чечүүгө кошкон салымына» ыраазылык билдирди.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин 25-июнда Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин өзүнүн куралдуу козголоңун токтоткону кабарланган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пригожин Москвага жакындап калган “адилеттик жүрүшүн” токтотууга макул болгону айтылган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожин “Беларуска кетерин” билдирген.

Ал арада Орусияда “Вагнердин” курамына жаңы жалданма жоокерлерди кабыл алуу иши кайра жанданганы кабарланууда. ТАСС агенттиги дүйшөмбү күнү кабыл алуу жайлары Новосибирск жана Тюмень шаарларында ачылганын жазды. “Вагнердин” 24-июнда алынган жарыялары кайра калыбына келтирилүүдө. “Ротонда” басылмасы Санкт-Петербург шаарында “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын кеңсеси кайра иштей баштаганын кабарлады.

Сүрөт: kremlin.ru


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты