Орусия Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандыкты бошотууну талап кыларын билдирди

  • 9 месяцев мурун

Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялады.

Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм-каналында жазды.

Кабанов кеңештеги кесиптештери менен чогуу жалданмачыга орус паспортун берүү үчүн Орусиянын ички иштер министрлигине жана тышкы иштер министрлигине кайрыларын маалымдады. Андан кийин аны Бишкектеги тергөө абагынан чыгарып, Кыргызстандын бийлигинен Орусияга өткөрүп берүүнү талап кыларын белгиледи.

«Андай болбогон шартта Орусия жооп-чара катары мүмкүн болгон басым механизмдерин колдонууга милдеттүү» деп жазды ал.

2023-жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышканы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон. Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Муну менен Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында «материалдык пайда табуу үчүн» Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Соттук жараянда айыпталуучу кылмыш-жаза кодексинин «Жалданмачылык» беренесин «чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышууга» өзгөртүүгө суранды. Ал өзүн «Луганск Элдик Республикасы» («ЛЭР») деп атап алган жикчил аймакта аскердик кызматта болгонун, элге гуманитардык жардам таратуу иштерине гана катышканын айткан. Аскар Кубанычбек уулу материалдык кызыкчылык үчүн согушка жалданып катышпаганын, орус жарандыгын алуу үчүн аскердик топтордо кызмат өтөгөнүн билдирген.

Украинага таандык Донбасс аймагын Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча «Луганск Элдик Республикасы» жана «Донецк Элдик Республикасы» деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан эки түзүмдү тең тааныган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскар Кубанычбек уулун январь айында Кыргызстанга келгенде камаган.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты