Бишкек шаардык соту Украинада согушка катышкан жаранды 10 жылга кести

  • 10 месяцев мурун

7-июнда Бишкек шаардык соту Украинадагы согушка катышкан деген шек менен 10 жылга соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттук жараянда айыпталуучу кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренесин “чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышууга” өзгөртүүгө суранды. Ал өзүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган жикчил аймакта аскердик кызматта болгонун, элге гуманитардык жардам таратуу иштерине гана катышканын айтты.

Аскар Кубанычбек уулу материалдык кызыкчылык үчүн согушка жалданып катышпаганын, Орусиянын жарандыгын алуу үчүн аскердик топтордо кызмат өтөгөнүн билдирди.

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. Муну менен Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Украинага таандык болгон аталган аймакты Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан аны тааныган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскар Кубанычбек уулун Кыргызстанга келгенде январь айында камаган.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты