Пригожин Путиндин кайрылуусуна жооп берди

  • 1 год мурун

“Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусуна жооп берди. Бул тууралуу Пригожиндин телеграм-каналына жарыяланды.

«Президент мекенге болгон чыккынчылык тууралуу айтканында жаңылды. Биз өлкөбүздүн патриотубуз. Ал эми президенттин, Федералдык коопсуздук комитетинин (ФСБ)  же башка бирөөнүн талабы менен эч ким баш ийбейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары дагы коррупция, алдамчылык, бюрократия менен жашашын каалабайбыз», — деди Пригожин.

Буга чейин Путин Пригожиндин аракетин “чыккынчылык” деп атаган.

“Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети тарабынан Евгений Пригожинге кылмыш ишин козголду.

Ал жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты