Путин Пригожиндин аракетин “чыккынчылык” деп атады

  • 11 месяцев мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин акыркы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

«Элибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү да ар кандай коркунучтардан коргойбуз. Анын ичинде — ички чыккынчылыктан. Ал эми биз туш болгон нерсе — бул чыккынчылык. Ашыкча амбициялар жана жеке кызыкчылыктар чыккынчылыкка алып келди», — дедиа ал.

Ал «Вагнердин» аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирди.

Путин бул абалды 1917-жылкы окуяга салыштырып, «күнөөлүүлөрдүн баары жазасын аларына» убада берди.

“Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети тарабынан Евгений Пригожинге кылмыш ишин козголду.

Ал жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты