Орусия менен Украина делегацияларынын кийинки сүйлөшүүсү беларус-поляк чек арасында өтөт

Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча украин жана орус делегацияларынын 28-февралдагы сүйлөшүүсү аяктады.

BELTA агенттиги украин Президентинин кеңешчиси Михаил Подолякка шилтеме кылып, тараптар Украинанын аймагында ок атууну токтотуу үчүн айрым чечимдер боюнча такташып, «консультация үчүн борбор шаарларына кеткенин» билдирди.

Өз кезегинде Президент Владимир Путиндин жардамчысы, сүйлөшүүгө Орусиянын делегациясын жетектеп барган Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айтты.

«РБК-Украина» басылмасы тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, ал жакынкы күндөрү беларус-поляк чек арасында өтө турганын жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын ырастаган.

Орусия каза тапкан же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты