Орус абактарындагы 459 жаран Кыргызстанга которулуудан баш тартты

  • 10 месяцев мурун

Орусиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык Кыргызстанга экстрадиция болуудан баш тартты.

Бул тууралуу 24-майда Бишкекте өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Орусиядан Кыргызстандын абактарына 33 жаран которулган.

«Быйыл 1-кварталда 19 жаран которулду. Дагы 38 жаранды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат» деди Букалаев.

Ал министрлик чет өлкөлөрдө абакта жаткан 550, анын ичинде Орусияда соттолгон 400дөн ашуун адам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Башкы прокуратуранын, эл аралык уюмдардын, миграциялык бирикмелердин өкүлдөрү жана жакындары чет өлкөдө абакта жаткан жарандар катышты.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат. Орусиядагы «Вагнер» менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатканы, алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экени белгилүү болгон.

«Азаттык» орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты