Аялдар жана миграция:  ТИМ тегерек стол өткөрүүдө

  • 11 месяцев мурун

24-майда тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) демилгеси менен «Аялдар жана миграция: себептери, чакырыктары, кесепеттери» жана «Миграция жана кылмыштуулук: себеп жана шарттардын өз ара байланышы» боюнча Тегерек стол жыйыны өтүүдө.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын максаты – мигранттар арасындагы кылмыштуулук жана аялдардын миграциясы маселелерин коомдук талкууга алып чыгуу, анын келип чыгуу себептерин талдоо, эмгек мигранттарынын арасында кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле аялдардын миграциясынын кесепеттерин алдын алуу, мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.

Тегерек стол оффлайн/онлайн кеңири чөйрөдөгү кызыкдар тараптардын, анын ичинде МОМ, ПРООН, ЮСАИД, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Президенттик администрация өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын жетекчилеринин ж.б. катышуусунда өтүүдө.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты