Орунтаев Францияга, «Куршевелге» эмнеге жиберилген? Президент лыжа курорту тууралуу

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-январда, «Кабар» агенттигине адам укугу, Азиза Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетиши, Ташиевдин Көлбаев тууралуу айткандары жана лыжа базасы тууралуу «Кабар» агенттигине комментарийледи

Мамлекет башчы кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча өнүктүрүү боюнча ойлорун билдирди:

«Ооба, эки күн Алтайдын “Миңжүрөк” курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду.

Декабрь айында архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен Франциянын белгилүү “Куршевель” лыжа базасына жибердим. Аларды ал жакка бардык чыгымдарын демөөрчүлук фондуман төлөтүп, “Курортту толук изилдеп, маалымат алып, өз көзүңөр менен көрүп келгиле” деп жибердим. Алар барып келгенден кийин көздөрү ачылды. Жаңы идеялары пайда болду.

Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздө кышкы туризмди өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган дымактуу ири долбоорду баштоонун алдында турабыз.

Бул – “Үч чоку” аталган лыжа комплексин куруу. Эгер азыр айтылуу касиеттүү Ысык-Көлдө “Кумтөр” бүтүндөй мамлекетти багып жаткан болсо, бул курорт экинчи “Кумтөр” болот. Тамчы аэропортунун айланасында жүрүп жаткан курулуштар үчүнчү “Кумтөр” болот. Кызыл-Омпол төртүнчү “Кумтөр” болуп, мамлекетибизге миллиарддаган долларларды берет. Ошондуктан “Үч чоку” курорту башталышы гана.

Жогоруда айткан “Миңжүрөк” курорту жаңы салынган эс алуу жайы экен. Жарымы (50%ы) курулуп бүтүп калыптыр, калган жарымы курулуш стадиясында экен. Мага ал жакта инфратүзүм, тейлөө жагын жолго коюу, конок үйлөрүн куруу жана жайгаштыруу өңдүү маселелерди жеринде көрүү маанилүү болчу. Азыр эми башкы архитекторду баш кылып, курулушчуларды төш кылып ал жака да жөнөтүп жатам. Барып өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз ири долбоорду ишке киргизгенге чейин дүйнөлүк тажрыйбаны толук иликтейли, алардын кемчилиги болсо, биздин долбоорду ишке ашырууда ошол кемчиликтерди кетирбейли, артыкчылыктарын өзүбүздүн долбоорго кошолу деп атабыз. Ошондуктан жакынкы-алыскы мамлекеттердеги лыжа базаларын жакшылап иликтеп, өз көзүбүз менен көрүп келип, жети өлчөп бир кесели деп дүйнөлүк тажрыйбаны карап жатабыз.

Президент келечекте Кыргызстанда курула турган лыжа базасы тууралуу буларды айтты:

“Үч чоку” боюнча айта турган болсок, бул долбоор Кудай буюрса, Борбор Азиядагы эң узун трассага ээ ири лыжа комплекси болот. Үч трассанын жалпы узундугу 250 чакырым болот. Дүйнөлүк масштабдагы мелдештерди өткөрсөк болот. 2026-жылы Жыргалаң тарабындагы трассасын ишке берсек, 2027-жылы Ак-Булак жагындагы трасса бүтөт, 2028-жылдын декабрында буюрса, Боз-Учук тараптагы үчүнчү лыжа трассасы колдонууга берилип, Үч чоку трассалары бири-бири менен биригет. Ошентип Орто Азиядагы эн ири лыжа курорту бизде болот. Ал эми жалпысынан бул долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жыл аралыгында бүтөт деп турабыз» деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Алтай жергесиндеги тоо лыжа базасына баргандыгы тууралуу Фейсбук баракчасында билдирген.

Сүрөт: Алтайдагы лыжа базасында. Президенттин Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты