Францияда ысыктан улам каза тапкандардын саны өсүүдө
- 2 месяца мурун
Францияда июнь айында мурда болуп көрбөгөндөй ысыктан миңден ашык киши көз жумду. Франциянын коомдук саламаттык сактоо министрлиги (Santé publique France) жекшемби күнү ысыктан улам адамдар мурдагы айларга салыштырмалуу көп каза тапканын билдирди.
24-июнга карата бир айда 1200 киши көз жумган. Ал эми апрель-май айларында 900 дөн 1000 кишиге чейин каза тапкан. Каза тапкандардын арасында 65 жаштан жогоркулар басымдуулук кылууда.
Саламаттык сактоо министрлиги айрыкча аймактарда, Иль-де-Франс, Жаңы Аквитания, Бретани, Луара өрөөнү, Нормандия жана Пеи-де-ла-Луарда ысык болуп жатканын белгиледи.
Францияда шаршемби жана бейшемби эң ысык күндөр болуп калган. Бейшембиде Франциянын айрым аймактарында абанын температурасы 43,2 градуска чейин жеткен.
Европада июнь айы айрыкча ысык болууда, Улуу Британияда, Италияда да ысык күчүндө.
Сүрөт: Reuters




