Орунбековду кызматтан бошотууну талап кылган аксайлыктарга жергиликтүү бийлик кысым көрсөтүп жатканы айтылды

  • 10 месяцев мурун

Президенттик адсминистрациянын мамлекеттик саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековду кызматтан бошотуу талабы менен чыккан БаткендинАк-Сай айылынын тургундарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кысым көрсөтүүдө.

Бул тууралуу жарандык активист Гүлгакы Мамасалиева Фейсбук баракчасында билдирди.

“Баткендеги бийлик кат жазгандарды прессингге алыптыр эмнеге жазасыңар деп. Кайтып Орунбековго “наезд” кылбайсыңарбы! Элдин абийрин силер коргобосоңор, эл өзү чыкты. Эсиңерди жыйгылачы» деди Мамасалиева.

  

Баткендеги Ак-сай айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго Дайырбек Орунбековдун чек арадагы окуя боюнча билдирүүсүнө байланыштуу кат жолдошту. Жергиликтүү тургундар президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун кечирим суроосун жана кызмат ордун бошотуусун талап кылышкан.

25-июлда Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы жеке баракчасына окуя боюнча кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү калтырган. Анда “Кыргызстандын жараны, Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик жарандары кетип бара жаткан унааны токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салганын” жазган.

Орунбековду кызматтан бошотууну талап кылган аксайлыктарга жергиликтүү бийлик кысым көрсөтүп жатканы айтылды

Бир аз убакыттан кийин Орунбеков постун өчүрүп салган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты