Чек ара чыры: Дайыр Орунбеков кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү жазып, кайра өчүргөнү чындык

24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирген.

“Кыргыз Республикасынын жарандары, Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта бул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык сегиз автоунаадан турган колонна Ворух (ТР)  анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан. Тажикстандын жарандары өздөрүнүн унаалары менен  Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде  жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен  Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 25-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы жеке баракчасына окуя боюнча билдирүү калтырган. Анда Орунбеков “Кыргызстандын жараны, Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик жарандары кетип бара жаткан унааны токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салганын” жазган. Билдирүүдө “ошондон кийин тажиктер унаадан түшүп, кыргызстандык 3 жаранды сабап салганы” деп айтылат. 

Чек ара чыры: Дайыр Орунбеков кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү жазып, кайра өчүргөнү чындык

Орунбеков баракчасында бир сааттан ашык турган билдирүүнү кайра өчүрүп салган. Бирок кыска убакыттын ичинде аны бир нече адам бөлүшүп, лайк басып, комментарий калтырууга жетишкен.

Дайырбек Орунбековдун билдирүүсү Тажикстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө окшош экенин байкоого болот. Тажикстандын чек ара кызматы 25-июлда “Кыргызстандын жараны тажик автоунаалары жолду тосуп жатат деп таш ыргытып чыр-чатакты баштаган жана окуя учурунда мас абалында болгон” деген билдирүү тараткан. 

Бирок Ак-Сайдын айыл өкмөтү Алимбек Сабиров 24.kg маалымат агенттигине берген маалыматында чыр-чатактын катышуучулары менен жеке жолукканын, окуя болгон учурда Кыргызстандын жараны соо абалда болгонун айтып, Орунбековдун билдирүүсүн четке каккан. 

“Биздин өлкөнүн жараны аялы менен бара жаткан. Кортеждин эки тарабында камералар болуп, машинанын өтүүсүнө тосколдук жаратканда кыргызстандык айланып өтүүгө аракет кылган. Чыр-чатак ошентип башталды. Ак-Сай айылынын тургунун ур-токмокко ала баштаганда дагы эки кыргызстандык чуркап келип, аны коргоого аракет кылышкан. Тараптар жолду бөлүшө албай калышкан деп айтууга болот. Мен кечээ мушташтын бардык катышуучулары менен жолуктум. Баары соо болчу. Жабырлануучунун аялынан күйөөсү ичкенби деп сурадым. Ал “жок” деп жооп берди. Мен элден экспертизанын жыйынтыгы жок ал жердегилердин абалы боюнча комментарий берүүдөн карманышын суранат элем”, — деп айткан Сабиров. 

Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы  “Унаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип өткөндө Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган учурда ага Хожа-Алъо (Кожалы) айылынын тургундары кол салган экен. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишиптир. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, — деп маалымат берген.

Орунбеков билдирүүсүн эмне себептен өчүрүп салганы боюнча түшүндүрмө берген жок. Биз аны менен байланышып, комментарий алууга аракет кылдык. Бирок андан майнап чыккан жок. 

Бул окуя боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирүү баракчадан өчүрүлгөнүн жана аны чындап эле Орунбеков жазганын далилдеш керектигин билдирди.  

Чек ара чыры: Дайыр Орунбеков кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү жазып, кайра өчүргөнү чындык

Ал эми Дайырбек Орунбековдун постунан алынган скриншотту fotoforensics.com онлайн сервиси аркылуу фотошопко текшерип көрдүк. Бирок скриншотто кандайдыр бир сырттан киргизилген өзгөртүүлөрдүн белгилери табылган жок. Демек, ал жасалма эмес. 

Эске салсак, “Азаттык” радиосу ушундай тариздеги билдирүүсү үчүн соттолуп, ишине бөгөт коюлган. 2022-жылдын 16-сентябрында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы  “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыш боюнча түз эфирде видео материал чыккан. Анда эки тарап бири-бирин кол салууга айыптап жатканы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын жана “Настоящее времянын” журналисттери айтып берген. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Канал Кыргызстан биринчи кол салды деп туура эмес маалымат берген” деген жүйө менен ал материалды алып салууну талап кылып, былтыр 26-октябрда “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн. Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова 26-апрелде сотто көрсөтмө берген. Ал “Видеоматериалда улутка каршы негативдүү лингвистикалык белгилер бар. Тактап айтканда, Тажикстандын журналисти берген интервьюда. Анда Кыргызстанды каралоо боюнча маалыматтар бар”, — деп айткан.   

Ал эми 12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимди бекитип, соттун чечими жокко чыгарылган. 

Жыйынтык: Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы жеке баракчасында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү жазып, кайра өчүрүп койгону чындык. Ошондой эле, Орунбековдун билдирүүсү Тажикстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө окшош. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты