Чек ара чыры: Ак-Сай эли Дайыр Орунбековдун кечирим суроосун жана кызмат ордун бошотуусун талап кылышты

  • 12 месяцев мурун

Баткендеги Ак-сай айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго Дайырбек Орунбековдун чек арадагы окуя боюнча билдирүүсүнө байланыштуу кат жолдошту.

Жергиликтүү тургундар президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун кечирим суроосун жана кызмат ордун бошотуусун талап кылышкан.

Чек ара чыры: Ак-Сай эли Дайыр Орунбековдун кечирим суроосун жана кызмат ордун бошотуусун талап кылышты
Чек ара чыры: Ак-Сай эли Дайыр Орунбековдун кечирим суроосун жана кызмат ордун бошотуусун талап кылышты

«Урматтуу Садыр Нургожоевич

24 июлда сиздин пресс-катчыныз Дайырбек Орунбеков өз фейсбук баракчасынан такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сайлык Дубанаев Жениш аттуу тургунубузду күнөөлүү кылып, аны мас абалда жазып чыкты:

«Кечки саат 18.30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГС) келе жатышкан, ошол учурда Кыргызстандын жараны Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан».Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, Таджик элине дагы тарап, алар өз каналадарында: «мына Кыргызстандын Президенттин катчысы тастыктады бул нерсени, демек туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт» — деп, күнөөлөшүүдө.

Сизден суранабыз: пресс-катчы Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы учун кечирим сурасын, ал адам бул жумушту аркалаганы моралдык укугу жок, жумуштан кетсин. Дубанаев Жеништин жана анын аялы Толгонайдын аброюн калыбына келтирип бергени жардам бериниз! Анткени, Дубанаев Жеништин бир тууган агасы Баткен согушунда, Кыргыз элин жерин коргоймун деп, курман болгон. АкСай элинин жашоочулары: …»,- деп жазылган катта.

Эске салсак, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккан.

25-июлда Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы жеке баракчасына окуя боюнча кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү калтырган. Анда “Кыргызстандын жараны, Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик жарандары кетип бара жаткан унааны токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салганын” жазган.

Чек ара чыры: Ак-Сай эли Дайыр Орунбековдун кечирим суроосун жана кызмат ордун бошотуусун талап кылышты

Бирок Орунбеков баракчасында бир сааттан ашык турган билдирүүнү кайра өчүрүп салган. 

Орунбековдун билдирүүсү Тажикстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө окшош экени аныкталган. Анын сөздөрүн мас абалда болчу делген жаран өзү төгүндөгөн.

Дайыр Орунбеков билдирүүсүн эмне себептен өчүрүп салганы боюнча бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрмө бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты