Милиция Төлөкан Исмаилованы, Бермет Бөрүбаеваны, Булат Сатаркуловду суракка алып кетти
- 3 месяца мурун
Социалдык тармактарда милиция укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы, активист Бермет Бөрүбаеваны жана оператор Булат Сатаркуловду суракка алып кеткендиги тууралуу маалыматтар жарыяланууда.
Буга чейин Төлөкан Исмаилова Фейсбукта негативдүү маалымат тараткандыгы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыруу кагазын алгандыгын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.
Фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармакта негативдүү реакция жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылат. Буга байланыштуу Tolekan Ismailova деген баракчанын ээсине карата ыкчам-териштирүү иштерин жүргүзүп, аны тергөөгө алып барары жазылган.
13-мартта укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы, активист Бермет Бөрүбаеваны жана оператор Булат Сатаркуловду укук коргоо органдары суракка алып кеткендигин Төлөкан Исмаилова Фейсбук баракчасында билдирди.
Укук коргоо органдары укук коргоочу, активист жана оператордун кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.
Сүрөттө: Төлөкан Исмаилова. Интернет булактарынан




