Омар Султанов БУУнун Женевадагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Омар Абдразакович Султанов Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Омар Султанов 1962-жылы Ош шаарында туулган. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. 1996-1998-жылдары Кыргызстандын Германиядагы элчиси, 1998-1999-жылдары КР президенттик администрация жетекчиси,  андан кийин Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Швейцариядагы жана Лихтенштейндеги элчиси кызматтарында эмгектенген. 2003-жылы КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан жеке бизнеске кеткендигине байланыштуу отставкага кеткендиги маалым.

Ал — Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султановдун агасы.

Буга чейин аталган кызматка экс-тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дайындалат деген божомол ЖМКда жарыяланган. Бирок Руслан Казакбаев өзү андай божомолду четке каккан жана бул кызматка башка адам дайындаларын айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты