Руслан Казакбаев жаңы кызматка барары айтылган. Бул боюнча өзүнүн жообу

  • 2 года мурун

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып, Руслан Казакбаев Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы жана башка эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын өкүлү кызматына барарын жазган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери Руслан Казакбаевге байланышканда ал азырынча кызмат сунуштала электигин билдирди.

«Азырынча үйдө эле эс алам. Кызмат жөнүндө жок. Аталган кызматка башка бирөөнүн талапкерлиги мурун эле каралып жаткан. Ошого байланыштуу жазып жатышса керек», — дейт Казакбаев.

Руслан Казакбаев жакында эле тышкы иштер министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Жээнбек Кулубаев дайындалган.

Ал тышкы иштер министрлигин 2020-жылдын 14-октябрынан бери жетектеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты