Экс-министр Руслан Казакбаев кайсы кызматка барары белгилүү болду

  • 2 года мурун

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кайсы кызматка барары белгилүү болду.   

Kaktus.media басылмасынын өздүк булактарынын маалыматына караганда, Руслан Казакбаев Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы жана башка эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын өкүлү кызматына барары болжолдонууда.

Мурда ал кызматта билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иштеген.    

Руслан Айтбаевич Казакбаев ‘эки күн мурун тышкы иштер министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Жээнбек Кулубаев дайындалган.

Казакбаевдин кандай жагдайда кызматтан кеткени белгисиз болуп жаткан. Ал тышкы иштер министрлигин 2020-жылдын 14-октябрынан бери жетектеген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты