Олжобай Шакирдин иши: Көз карандысыз экспертиза “жапырт башаламандыкка чакырык жок” деп тапты  

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист  Олжобай Шакирдин сотунда көз карандысыз экспертизанын корутундусу чыгарылгандыгы белгилүү болду. Көз карандысыз экспертиза Олжобай Шакирдин иши боюнча «жапырт башаламандыкка чакырык жок» деп корутунду чыгарды.

Ишти судья Бактияр Матраимов алып барууда. Буга чейинки судья Бекболот Жаналиев башка сотко өткөндүктөн, ишти кайра башынан жаңы судья карай баштады. 18-мартта ага айып актысы кайра башынан окулду.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген.

Мамлекеттик эки эксперт (лингвист жана саясат талдоочу) менен тергөөчү отурумга келбегендиктен кийинки жараян 9-апрелге жылдырылды. Дээрлик сегиз айдан бери камакта отурган Олжобай Шакир сотто саламаттыгы начарлаганын, дарыланууга шарт болбой жатканын билдирди.

18-марттагы сот процессинде жактоочунун Олжобай Шакирди үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Сүрөттө: Олжобай Шакир.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты