Олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
7-июлда “Манас” эл аралык аэропортунда Бишкек — Ош багыты боюнча Tez Jet компаниясынын каттамы кырсыкка кабылган.
“Манас” эл аралык аэропортунун кызматтары окуяга өз убагында чара көрүп, коопсуздук боюнча белгиленген тартипке ылайык иш алып барышты.
Авиациялык окуядан кийин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги окуянын себептерин жана жагдайларын расмий иликтөөнү баштады.
Ошол эле учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору тарабынан Tez Jet авиакомпаниясына пландан тышкары инспекциялык текшерүү иши жүргүзүлдү.
“Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарынын учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мыйзам менен белгиленген тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды” деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле канча жылдан бери иштеп жатканына же авиация тармагындагы ордуна карабастан, катуу чаралар көрүлөрү айтылды.
Мындан тышкары авиакомпаниялардын бардыгына пландан тышкары инспекциялык текшерүү жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаалды көзөмөлдөп турат. Күнөөлү адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылары белгиленди.
7-июлда “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыктады.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортундагы Tez Jet компаниясынын учак кырсыгы боюнча расмий иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.
-Алдын-ала маалыматтарга ылайык, аба кемеси рулдоону аяктап, 25-учуу-конуу тилкесинин аткаруу стартын ээлегенден кийин учууга чейинки жол-жоболорду аткаруу маалында сол негизги шасси тирөөчү бүгүлүп кеткен. Экипаж аба кемесин токтотуп, белгиленген коопсуздук жол-жоболоруна ылайык, бардык зарыл аракеттерди көргөн,-деди.
Учакта 187 киши болгон. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок.
Бул факты боюнча окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн расмий иликтөө жүргүзүлөрү айтылган. Учуу коопсуздугун камсыздоо максатында Tez Jet авиакомпаниясынын учактарын эксплутациялоону убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделген, ал эми 2014-жылдан тартып жүргүнчүлөрдү ташый баштаган.
Сүрөт: Жарандык авиация агенттиги




